МГКФ

Сентябрь 11, 2023 - 00:09
Сентябрь 14, 2023 - 18:43
 0  32
МГКФ

Кыргыз Республикасы МГКФ менен кызматташууну 2006-жылдын                                 25-майында Дүйшөмбү шаарында жети мамлекет – Армения Республикасы, Беларус Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикистан Республикасы, Өзбекстан Республикасы тарабынан КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында кол коюлган МГКФны түзүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырып келет. 2008-жылы Фонд жөнүндө келишимге Азербайжан Республикасы, 2014-жылы Молдова Республикасы кошулду.

Фонд менен кызматташуунун негизги максаты маданият, билим берүү, илим, архив иши, маалымат жана массалык коммуникациялар, спорт, туризм, жаштар менен иштөө боюнча тармактарда биргелешкен иш-чараларды (долбоорлорду) ишке ашыруу, КМШ өлкөлөрүнүн бул тармактардагы кызматташтыгынын азыркы механизмдерин жакшыртуу жана жаңы механизмдерин түзүү жолу менен Шериктештикте жалпы гуманитардык мейкиндикти жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү болуп саналат.

Ар жыл сайын Фонд тарабынан “Шериктештиктин жылдыздары” мамлекеттер аралык сыйлыгы жана “Шериктештиктин дебюту” эл аралык сыйлыгы тапшырылат, алардын акчалай сыйлыгы 2 млн. рубль жана100 миң рубль.

Уюмдун алкагында улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү.

Кыргыз Республикасы менен Фонддун кызматташуусу негизинен долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен ишке ашырылат. МГКФнан                   суроо-талап келип түшкөн учурда Министрлик Кыргызстандын атынан аны менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу орган катары өлкөлүк долбоорлорду чогултууну жүзөгө ашырат жана Фондко жиберет.

Ар жыл сайын жылдын аягында Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жана МГКФнун Башкармасынын биргелешкен жыйыны өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы 19-февралындагы                №21-р тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов Кыргыз Республикасынын МГКФнун башкармасындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат.