Ысык-Көл облусунда Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда “Музейлер альянсы: Евразия демилгеси” аттуу эл аралык музейлер саммити ийгиликтүү жыйынтыкталды. Саммит өлкөбүздүн музей тармагынын 100 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган юбилейлик иш-чаралардын салтанаттуу башталышы гана болбостон, Евразия мейкиндигиндеги музейлер аралык кесипкөйлүк диалогу үчүн жаңы деңгээлдеги өзгөчө баскыч болуп калды.
Саммитке ICOM Улуттук комитеттеринин жетекчилери жана музей адистери 9 мамлекеттен – Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Непал, Бангладеш, Азербайжан, Армения, Россия, Кыргызстан, Кения – катышышты.
Катышуучулар мыкты музей экспозицияларынын тажрыйбасын, ириде ишке ашкан долбоорлор менен демилгелерин сунуштап, маданий мурасты сактоо жана даңазалоо жаатындагы иш-аракеттери менен бөлүшүп, иш чаранын программасы мазмундуу жана натыйжалуу болду.
Саммиттин жүрүшүндө заманбап музей ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар, тактап айтканда: санариптештирүү, инклюзивдүүлүк, туруктуу өнүгүү, коомчулук менен өз ара аракеттенүү, жана жаңы экспозициялык форматтар активдүү талкууланды.
Өзгөчө заманбап дүйнөдөгү тездик менен өзгөрүп жаткан шарттарда музейлердин ролуна, ошондой эле социалдык, экологиялык жана маданий чакырыктарга көңүл бурулду. Талкуулардын жыйынтыгында аймактык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү чыңдоого багытталган негизги векторлор аныкталып, региондогу музейлер ортосундагы байланыштарды бекемдөө, биргелешкен программаларды жана тажрыйба алмашууларды өнүктүрүү менен бирге мурасты сактоого жана туруктуу келечекти курууга бирдиктүү мамилени калыптандыруу боюнча пикирилер айтылды.
Саммиттин уюштуруучуларынын атынан Аида Алымова, Кыргызстанадагы ИКОМдун Улуттук комитетинин төрайымы, өз сөзүндө Евразия музей альянсын түзүү демилгесинин Кыргызстандагы жана жалпы региондогу музей коомчулугу үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, дал ушундай аянтчалар туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тажрыйба бөлүшүүгө жана тездик менен өзгөрүп жаткан шарттарда биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул демилге Евразия мейкиндигиндеги эл аралык өнөктөштүктүн ишенимдүү пайдубалы болооруна терең ишенимин билдирди.
Саммиттин негизги темасы — Евразия музей альянсын түзүү демилгеси болду. Бул альянс региондогу өлкөлөрдү туруктуу жана кесипкөйлүккө негизделген эл аралык платформада бириктирүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө музей — бул өткөнгө таазим гана эмес, маданияттардын өз ара түшүнүшүүсүн, билим жана диалог жаратуучу, туруктуу келечекке жол ачкан мейкиндик болуп саналат. Бул саммит — региондогу өлкөлөрдү кесипкөйлүккө негизделген, туруктуу жана стратегиялык жаңы платформада бириктире турган эл аралык деңгээлдеги жаңы формат катары сунушталды.