Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Сүрөтчүлөр союзу тарабынан биринчи жолу ирет уюштурулган графика боюнча "Кайра жаралуу" долбоору старт алды.
Симпозиум үч этап менен өткөрүүлүдө:
- ар бир облустан онлайн анкета аркылуу сүрөтчүлөрдү тандоо туру;
- Каракол шаарында өтүлүүчү пленэрге катышуу;
- графиканын эстам түрүндө өнөрканаларда иш аткаруу.
Катышуучулар өз эмгектеринде Кыргызстандын табиятын, маданий баалуулуктарын, каада-салтын, ошондой эле коомдук жана руханий турмушту чагылдырышы зарыл.
Долбоор 4-сентябрда "Эмен багы" галереясында көргөзмө менен жыйынтыкталат.
Сүрөтчүлөрдүн эң мыкты жумуштары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейге өткөрүлуп берилет.
Бул ири маданий долбоор Кыргызстандагы жаш жана тажрыйбалуу сүрөтчүлөргө чыгармачыл изденүүлөрүн кеңейтүүгө, кесипкөйлүгүн арттырууга жана эл аралык деңгээлде таанылууга шарт түзөт. Симпозиумдун жүрүшүндө катышуучулар графиканын ар кандай ыкмаларын өздөштүрүп, жаңы көркөм ой жүгүртүүлөрдү ачууга мүмкүнчүлүк алышат.