Бишкекте “Үмүт” аттуу XII Эл аралык жаштар кинофоруму салтанаттуу түрдө ачылды

Апрель 11, 2025 - 23:34
 20

Бүгүн, 11-апрелде, Ала-Тоо кинотеатрында “Үмүт” аттуу XII Эл аралык жаштар кинофоруму өз эшигин ачты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова катышуучуларды куттуктап, форумдун маңызын баса белгиледи.

“Үмүт” форуму – бул жөн гана маданий иш-чара эмес, бул деген жаш кинематографисттер өз ойлорун эркин билдирип, тажрыйба алмашып, бири-биринен үйрөнө турган чыгармачыл аянтча. Бул жерде жаңы ысымдар жана жаңы идеялар жаралат”, — деди министрдин орун басары өз сөзүндө.

Быйыл форумдун негизги темасы – “ Тагдырды жеңген каармандар”. Бул жөн гана аталыш эмес, бул – ар бир адамга багытталган күчтүү кайрылуу: кыйынчылыктан коркпой, адамдын ички дүйнөсү жана күчү, жеңишке болгон ишеними тууралуу айтып берүүгө үндөгөн тема.

Форум 14-апрелге чейин уланып, программа жаш, заманбап кинематографисттердин муктаждыктары эске алынып түзүлгөн. Бул жолу өзгөчө көңүл даректүү тасмага жана оператордук чеберчиликке бурулат, анткени аталган багыттар бүгүнкү кино өнөрүнүн өзөгүн түзөт.

Конкурстук программада 41 тасма көрсөтүлөт, ал эми атайын көрсөтүүлөрдүн алкагында дагы 11 тасма сунушталат. Питчингге 15 долбоор катышып, төрт командадан турган кесипкөй калыстар тобу баалайт.

Ал эми форумдун билим берүү бөлүгүндө 4 тематикалык мастер-класс, жаш кинематографисттерди колдогон 6 долбоор жана платформанын презентациясы өтөт. Ошондой эле документалдык кино боюнча адистер жана эксперттердин катышуусунда талкуулар өтөт.

XII “Үмүт” форуму дагы бир жолу жаш таланттар менен кино жаатындагы адистерди бириктирген, чыныгы жана жан дүйнөнү козгогон тасмалар тартылчу маанилүү маданий аянтча экенин тастыкталды.