Министр Алтынбек Максутов «ЭлТР» телеканалынын Бишкек шаарындагы кеңсесинен кабар алды

Октябрь 12, 2024 - 14:33
Октябрь 14, 2024 - 14:33
 6

Бүгүн, 2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын Бишкек шаарындагы кеңсесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, имараттын абалын көрдү.
Бул кеңседе 124 кызматкер эмгектенип, 24 саат телекөрүүчүлөрдү, радиоугармандары жаңылыктар менен камсыздап, обого чыгып жаткан кызыктуу жана пайдалуу контент даярдашат.
Министр Алтынбек Максутов чыгармачыл жамаат менен маектешип, жакынкы арада компаниянын техникалык жана автоунаа базасы жаңыланып, медиа продукттун мыкты сапатта даярдалышына негиз болот деди.
Мындан сырткары, Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровго “Радиорелейлик магистралынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ачык акционердик коомуна жаңы техникаларды тапшыруу салтанатынын жүрүшүндө «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын Бишкек шаарындагы кеңсесинин жаңы имаратын куруу керектигин айтты.
Акылбек Жапаров жаңы, заманбап имарат курула турганын белгилеп, долбоордук-сметалык документ иштеп чыгууну тапшырды.