Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык
Директордун кызматтык милдеттери:
- директор мекеменин Уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
- буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
- мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
- өзүнүн орун басарларын дайындайт;
- мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
- монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.
- арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);
- резюме;
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.