Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыяланат

Август 11, 2024 - 16:18
Август 13, 2024 - 16:23
 25
Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыялайт.
Директорудун кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Китепкана таануу жана документ жүргүзүү” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат ордундагы иш стажы 2 жылдан кем эмес же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, бул чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Бош орунга төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананы өнүктүрүү программасы;
- резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- кадрларды эсепке алуу баракчасы;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 17-августуна чейин тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №108 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662683.
Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.