Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыялайт

Август 13, 2024 - 17:51
Август 13, 2024 - 18:13
 254
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги   “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

 Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыялайт

 

Музей комплексинин башкы директорунун кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство, музейлердеги иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.

Илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.

Бош орунга төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин өнүктүрүү программасы;  

резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),

автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

кадрларды эсепке алуу баракчасы;

нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 20-августуна чейин тапшырылууга тийиш.

Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №108 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662683. 

Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.