М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыялайбыз
М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернаты бош орунга сынак.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору бош кызмат ордуна документтерди кабыл алууну жарыялайт.
Директордун кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
"Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 3 жылдан кем эмес же педагогикалык стажы 5 жылдан кем эмес.
Бош орунга төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын өнүктүрүү программасы;
- резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- кадрларды эсепке алуу баракчасы;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2025-жылдын 22-январына чейин тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 62 36 39.
Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.