Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык Мамлекеттик “Учур” жаштар театрына жаңы директор болуп Рыскул Боромбаев дайындалды.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев расмий түрдө тааныштырды.
Министрдин орун басары театрды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын белгилеп, быйылкы жылы театр үчүн жаңы имараттын курулушун баштоо негизги милдет экенин баса белгиледи. Бул долбоор мамлекеттик деңгээлдеги маданиятты жана жаштар чыгармачылыгын колдоо программасынын приоритеттүү багыты экенин билдирди.
“Учур” жаштар театры ар дайым заманбап искусствонун өнүгүүсүнүн маанилүү аянтчасы болуп келген жана болуп калат. Биз жамааттын иши жана чыгармачылыгы үчүн заманбап шарттарды түзүү зарылдыгын жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан театрдын жаңы имаратын куруу — биздин алдыдагы жылдагы негизги долбоорубуздун бири”, — деп белгиледи Тимурлан Ажымалиев.
Ошондой эле, ал Рыскул Боромбаевдин дайындалышы театрды өнүктүрүү үчүн жаңы дем берүүчү кадам болооруна ишенимин билдирди. Министрдин орун басары жаңы жетекчиге чыгармачылык пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик “Учур” жаштар театры негизделген күндөн тартып эле жаңычылдык жана искусстводогу эксперименттердин символу болуп келет.