Бүгүн, 17-апрелде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага барды.
Алгач, министр китепкананын имаратынын сырткы көрүнүшү жана ички абалы, материалдык-техникалык базасы, китеп сактоо бөлмөлөрү жана окуу залдары менен таанышып чыкты.
Министр китепкананын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, учурдагы ишмердүүлүк, алдыдагы пландар жана учурдагы көйгөйлөр тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда кызматкерлер китепкананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, санариптештирүү жана заманбап кызматтарды киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө буларга токтолду:
“Улуттук китепкана – бул биздин маданий мурастын жана интеллектуалдык байлыктын сакталган жайы. Биз анын ишмердүүлүгүн бүгүнкү күндүн талабына жооп берген деңгээлге жеткирүүгө милдеттүүбүз. Заманбап талаптарга ылайык коворкинг борборлорун ачуу, санарип кызматтарды өнүктүрүү – бул биз бүгүн ишке ашырышыбыз керек болгон багыттардын бири. Бул жаатта министрлик толук колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деди министр.
Жолугушууда китепкананын жетекчилиги тарабынан алдыда пландалып жаткан иштер боюнча атайын презентация көрсөтүлүп, министр Мирбек Мамбеталиев, министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана китепкананын директору Айнура Аскарова менен биргеликте талкууланды.
Алдыда китепкананын ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык жаңылоо, коворкинг борборлорун түзүү, кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү жана ребрендинг пландалууда. Бул багытта жакынкы аралыкта өзүнчө иш-чаралар жана кошумча жолугушуулар өтөт.