Урматтуу дизайнерлер, мода чеберлери жана этно-моданын күйөрмандары!
Сиздерди 2025-жылдын 30-майында, “Дүйнө элдеринин эпостору” (“Эпосы народов мира”) VIII Бүткүл дүйнөлүк фестивалынын алкагында өтө турган “Көчмөн стили” (“Стиль Кочевника”) эл аралык мода сынагына катышууга чакырабыз!
Биз көчмөн элдердин салттуу мурасын дүйнөлүк мода тренддери менен айкалыштыра алган эң креативдүү жана таланттуу өкүлдөрдү издейбиз.
2025-жылдагы сынактын темасы:
“NeoNomad Style” – эски менен жаңыны айкалыштыруу!
Бул ирет биз көчмөн маданиятынын салттуу элементтерин жана заманбап инновациялык ыкмаларды синтездөөгө өзгөчө көңүл бурабыз.
Бардык катышуучуларга, тажрыйбалуу адистерге да, жаңыдан баштап жаткандарга да бирдей мүмкүнчүлүк берүү максатында сынак эки категорияда өткөрүлөт.
• “Стражи традиций” (“Салт сакчылары”) – мода тармагында 5 жылдан ашык тажрыйбасы бар адистер;
• “Молодая волна” (“Жаш толкун”) – бул тармакта 5 жылга чейин тажрыйбасы бар жаш дизайнерлер, анын ичинде студенттер жана жаңы бүтүрүүчүлөр.
Ар бир категория өзүнүн деңгээлине жараша өзүнчө критерийлер менен бааланат – кесипкөйлүк, жаңычылдык жана оригиналдуу мамиле эске алынат.
Катышуучуларды эмне күтөт?
• Өз коллекцияларын эл алдына алып чыгуу мүмкүнчүлүгү, дүйнөлүк мода коомчулугуна таанылат;
• Мода индустриясынын кесипкөйлөрүнөн адистик баа алат;
• Сынактан кийин жаш дизайнерлер үчүн атайын мастер-класс;
• Байге фонду;
• ЖМКда, уюштуруучулардын интернет булактарындагы баракчаларына жарыяланат.
1. Катышуу үчүн өтүнмөнү толтуруңуз;
2. Коллекцияңыздын сүрөттөрүн жана эскиздерин тиркеңиз;
3. Көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүңүз: nomadstylefest@gmail.com
4. 2025-жылдын май айынын башында өтө турган тандоо этабынын жыйынтыгын күтүңүз.
• Өтүнмөлөрдү кабыл алуу: 2025-жылдын 10-апрелинен 5-майына чейин
• Катышуу боюнча кененирээк маалымат: +996755048844 (WhatsApp)
Маданият жана мода дүйнөсүндөгү бул маанилүү окуянын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Иш-чаранын өтүү убактысы: 2025-жылдын 30-майы
Жери: Бишкек шаары