22-25-апрель күндөрү Салттуу музыка жумалыгы өтөт

Апрель 12, 2024 - 12:51
Апрель 15, 2024 - 01:22
 0  75
22-25-апрель күндөрү Салттуу музыка жумалыгы өтөт
Быйылкы Салттуу музыка жумалыгы 25-апрель Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына арналат.
Иш-чаралардын проограммасы:
22-апрель “Манас” күнү
Саат 10.00. Тегерек стол. Тема: “Манас эпосу. Бириктирилген варианттын зарылчылыгы”.
Өтүүчү орду: Улуттук Илимдер Академиясы.
Саат 18:30. “Манасчы” спектакли.
Өтүүчү орду: Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын имараты.
23-апрель “Күү” күнү
Саат 10:00. 25-апрель - Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган тегерек стол. Темасы: Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусстводогу плагиат маселелери (плагиатты аныктоонун жана андан коргонуунун жолдору).
Өтүүчү орду: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги.
Саат 18:30. “Эр Төштүк” спектакли.
Өтүүчү орду: Т. Абдумомунов атындагы КУАДТ.
24-апрель “Ыр” күнү
Саат 10:00. Илимий-практикалык конференция: “Салттуу музыкалык искусство жана этнодизайн ”.
Өтүүчү орду: Эл аралык Евразиялык университети.
Саат 18:30. Бишкек шаарындагы Министрликке караштуу маданият тармагындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын, музыкалык мектептердин бириктирилген концерти.
Өтүүчү орду: К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы.
25-апрель - “Салттуу музыка күнү”
Саат 10:00. Салттуу маданият жана искусство борборунун ачылышы.
Өтүүчү орду: Улуттук Илимдер Академиясы
Саат 11:30. Тегерек стол. Тема: “Окуу жайлардагы салттуу музыка боюнча окутуу жана кадр даярдоо маселелери”;
Өтүүчү орду: Улуттук Илимдер Академиясы
Саат 18:30. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жыйынтыктоочу салтанаттуу “Устаттан аманат...” аттуу концерти.
Өтүүчү орду: Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын имараты.