IX « Жаны ысымдар» эл аралык студенттик театр фестивалы өтөт

Апрель 10, 2024 - 12:25
Апрель 15, 2024 - 01:26
 0  29
IX « Жаны ысымдар» эл аралык студенттик театр фестивалы өтөт
2024-жылдын 16-19-апрель күндөрү Бишкек шаарында IX «Жаңы ысымдар» эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжан өлкөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышат.
Фестиваль жыл сайын чыгармачыл жаш театр искусствосуна тиешеси бар студенттердин – театр артисттеринин, режиссерлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда жаш таланттардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажырыйба алмашуу максатында өтүп келет.
Аталган фестивалда төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:
–Мыкты спектакль
– Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Көркөм окуу
– Эң мыкты режиссура
– Эң мыкты драматургия
– Эң мыкты театр сыны
– Чыгармачыл жаштардын устаты
Жогорудагы номинациялар боюнча 1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2021-жылдан тартып «Эл аралык» статусун алган.