Министр ар бирин өз тармагындагы кесипкөйлүгүн белгилеп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Сыйлык ээлерин атасак: “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сүрөтчү-керамист, скульптор, дизайнер Замир Илипов, “Bigser” спорт мода үйүнүн негиздөөчүсү Сергей Быковский, эстрада ырчысы Нурсултан Азыкбаев сыйланды.
Ал эми “Ардак грамотага” коомдук ишмер Ассоль Молдокматова, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мугалими Нурлан Жунушов, “Assol” фондунун вице-президенти Тамара Воронцова, “Азия ТВ” телеканалынын башкы директору Асанбек Бийгельдиев, дизайнерлер Алина Оторова, Темирлан Жумадылов, оператор Чынтемир уулу Айдар жана мобилограф Айзада Исманова ээ болушту.