Маданият министри дизайнерлер менен жолукту

Апрель 15, 2024 - 15:53
Апрель 16, 2024 - 15:53
 0  13
Маданият министри дизайнерлер менен жолукту
Маданият министри дизайнерлер менен жолукту
Маданият министри дизайнерлер менен жолукту
Бүгүн, 15-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов дизайнерлер менен жолукту.
Күн тартибинде “Маданият кызматкерлеринин протоколдук улуттук кийими” боюнча дизайнерлер арасында боло турган сынак өткөрүү боюнча талкуу болду.
Министр аталган сынакка Кыргызтандагы бардык дизайнерлер катышып, бир гана маданият кызматкерлери эмес, ар бир кесип кызматкерлеринин кийимдеринин эскизин, сметасы менен бирге тапшырып, LED экрандан көрсөтүп, жактап берүү сунушун айтты. Эскиздер салттуу, кыргыз колоритин камтыган ошол эле учурда заманбап болушу керектигин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында атайын жумушчу топ түзүлүп, системалуу иш алып барылышы керектиги белгиленди.
Дизайнерлер ассоциациялардын атынан жана жеке өзүнүн атынан эскиздерди көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмай болушту.