Бүгүн, 17-майда Ашхабат шаарында (Түркмөнстан) түркмөн акыны Махтумкули Фраганын 300 жылдыгына арналган маданият министрлеринин эл аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Түркмөнстандын маданият министри Атагельди Шамурадов менен жолукту.
Чыңгыз Эсенгул
уулу Түркмөнстандын маданият министри Атагельди Шамурадовго Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан саламын жана Кыргыз Республикасына иш сапары менен келүүгө кетүүгө чакыруусун жолдоду.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги милдеттери талкууланды. Тараптар бул жаатта кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү ниетин билдиришти.