26-27-июнунда Бишкек шаарында, саат 9:00дө “Park Hotel Bishkek” мейманканасында (Орозбеков көч., 87) Михаил Васильевич Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган “Эстелик маданияты жана маданияттагы эстелик” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейи уюштурууда.
Конференцияда инсандыктын тарыхтагы орду, саясий багыттагы музейлердин өнүгүшү, тарыхый мураска болгон мамиле жана маданий эс тутумду калыптандыруу маселелери талкууланат. Айрыкча Михаил Васильевич Фрунзенин өмүрү, ишмердүүлүгү жана анын тарыхый мааниси өзгөчө көңүл борборунда болот.
Конференциянын негизги темалары:
М. В. Фрунзенин мурасы жана инсандыктын тарыхтагы ролу;
Саясий тарыхтагы музейлердин ишмердүүлүгүндөгү заманбап чакырыктар жана тажрыйбалар.
Конференцияга музей тармагынын өкүлдөрү, илимий жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, мамлекеттик органдар менен ЖМК өкүлдөрү катышат. Программада пленардык баяндамалар, секциялык отурумдар, тегерек стол жана М. В. Фрунзенин жаңыланган экспозициясы менен таанышуу экскурсиясы каралган.
Чакырылган спикерлердин катарында Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын белгилүү изилдөөчүлөрү жана музей ишмерлери бар:
З. К. Курманов — Дипломатиялык академиянын проректору (Кыргызстан);
А. В. Лебедев — Музей долбоорлор лабораториясынын жетекчиси (Россия);
Б. Г. Аяган — Мамлекет тарыхы институтунун директорунун орун басары (Казакстан);
С. Н. Черномырдина — Виктор Черномырдин музейинин директору (Россия);
А. С. Даниярова — С. Данияров атындагы фонддун өкүлү (Кыргызстан);
Р. М. Назипов — Өзбекстандын Биринчи Президенти И. Каримов атындагы илимий-агартуу мемориалдык комплексинин өкүлү (Өзбекстан) жана башка коноктор.
Бул иш-чара мааракелүү датага арналып, тарых, маданият жана музей ишмердүүлүгү жаатындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Байланыш телефондору:
Татьяна Темирова +996 775 585 719;
Данияр Баратов +996 550 220 459.