Марат Тагаев Өзбекстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча агенттигинин директору Алишер Саъдуллаев менен жолукту

Июнь 27, 2024 - 18:54
Июнь 28, 2024 - 18:54
 4
Марат Тагаев Өзбекстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча агенттигинин директору Алишер Саъдуллаев менен жолукту
Марат Тагаев Өзбекстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча агенттигинин директору Алишер Саъдуллаев менен жолукту
2024-жылдын 25-30-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Бухара, Самарканд, Жизак, Хива жана Ташкент сыяктуу тарыхый жана байыркы шаарларында Жаштардын глобалдык фестивалы өтүүдө.
Фестивалга 150 өлкөдөн келген 700дөн ашуун жаштар, алардын ичинен Кыргыз Республикасынан 50дөн ашык жаштар катышууда. Алардын катарында жаш окумуштуулар, жаш ишкерлер жана жаш лидерлер бар.
Жаштардын глобалдык фестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Өзбекстан Республикасынын Жаштар иштери боюнчаагенттигинин директору Алишер Саъдуллаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы жаштар саясатындагы кызматташуунун багыттары талкууланып, алдыдагы иш-чаралар тууралуу ой бөлүшүштү.
Марат Тагаев Глобалдык жаштар фестивалынын адбан жогорку денгээлде уюштурулуп жатканын белгиледи.
Алишер Саъдуллаев өз учурунда Ош шаарында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда уюштурулган «Муундар ортосундагы баарлашу» форумун жогорку деңгеелде өткөнүн белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.