ГИТИСтин актердук чеберчилик боюнча мектеби Кыргызстанга келди

Июль 3, 2024 - 18:27
 8
ГИТИСтин актердук чеберчилик боюнча мектеби Кыргызстанга келди
ГИТИСтин актердук чеберчилик боюнча мектеби Кыргызстанга келди
ГИТИСтин актердук чеберчилик боюнча мектеби Кыргызстанга келди
ГИТИСтин актердук чеберчилик боюнча мектеби Кыргызстанга келди
Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинин базасында Кыргызстан, Россия жана Казакстандын театралдык жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн актердук чеберчилик боюнча ГИТИСтин жайкы мектеби ишин баштады.
Он күн бою ГИТИСтин актердук чеберчилик, сахна кеби жана сахналык кыймыл боюнча педагогдору Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын жана Т.К. Жургенов атындагы Казак Улуттук искусство академиясынын студенттери үчүн тренинг жана мастер класс өткөрөт.
ГИТИСтин Сахна кыймылы (пластика) кафедрасынын башчысы, профессор Айдар Закиров, Сахна кеби кафедрасынын улук окутуучусу Лариса Кайдалова, Актердук чеберчилик кафедрасынын улук окутуучусу Татьяна Морозова жана Евгений Каменьковичдин режиссердук өнөрканасынын студенттери катышат.
ГИТИСтин мугалимдери орус театр мектебинин окутуу методологиясын иш жүзүндө студенттерге көрсөтөт. Белгилей кетсек, ГИТИСтин жайкы мектеби быйыл үчүнчү жолу Ысык-Көлдө өтүп жатат.
"ГИТИСтин Ысык-Көлдөгү мектеби – бул биздин планетанын эң кооз жерлеринин биринде чогулуу гана эмес, ГИТИСтин мыкты мугалимдери менен актердук чеберчилик, сахна кеби жана сахна кыймылы боюнча кызыктуу сабактарды өтүү. Бул мектептин үчүнчү жолу өтүп жаткандыгы биз үчүн чоң кубаныч. Биздин мектеп Кыргыз Республикасынын Маданият министри Алтынбек Максутовдун колдоосу менен ишке ашырылганын баалайбыз жана ар бир жолу үчүнчү катышуучу-өлкөнү чакырабыз. Бул жолу Казакстан мамлекети. Мектептин уюштуруучусу биздин мыкты бүтүрүүчүбүз режиссер Уланбек Өмүралиев болгон жана болуп кала берет", - дейт ГИТИСтин ректору Григорий Заславский.
Кыргызстандагы ГИТИСтин жайкы мектеби Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Россиянын маданият министрлиги, Президенттик гранттар фондунун, Театралдык билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү фондунун жана А.М. Горчаков атындагы коомдук дипломатияны колдоо Фондунун катышуусунда өтүүдө.