Алтынбек Максутов Ислам дүйнөсүнүн билим, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) башкы директору Салим Мухаммад Аль-Малик жолугушту

Июнь 30, 2024 - 15:27
Июль 1, 2024 - 10:28
 23
Алтынбек Максутов Ислам дүйнөсүнүн билим, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) башкы директору Салим Мухаммад Аль-Малик жолугушту
Жолугушууда Алтынбек Максутов Кыргызстан 1996-жылдан тартып уюмга мүчө экендигин белгилөө менен кызматташуунун жандандыруу максаттарын айтып, Кыргызстан менен приоритеттүү тармактарда иш алып баруу жана жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу, өзгөчө материалдык жана материалдык эмес баалууктарды сактоо жана өнүктүрүү негизги кадамдардан экендигин баса белгиледи.
​Кыска убакыттын ичинде ICESCO уюму археология, реставрация жаатында бир нече адамдан турган эксперттик топту Кыргызстанга жиберүүгө жана ар кандай тренингдерди өткөрүп, уюмга Кыргызстандын атынан 2 адисти жумушка алууга даяр экендигин маалымдады.
​Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну тереңдетүү жана жемиштүү иштешүү боюнча биргелешкен ишти улантууга жигердүү күч-аракет жумшоо макулдашылды.