Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Анда музей комплекстин башкы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жайларын кыдырып, оңдоо иштерин сапаттуу бүтүрүүгө көрсөтмөлөрдү берди.
Андан сырткары музей фондунда сакталып турган экспонаттардын абалын көрүп чыкты. Белгилесек, экспонаттарды эрежеге ылайык сактоо үчүн атайын эмеректер, манекендер жана атайын үкөктөр жаңы сатылып алынган.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр мекеме жетекчилери менен музей комплекс боюнча келечек пландарын талкуулашты.
Маалымат катары: "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына карата саат 11:00дөн баштап көрармандарга өз эшигин ачат.
Келгендер жаңыланган башкы экспозициялык залдан өлкөбүздүн түштүк аймагынын жаратылышы жана бай тарыхы менен тааныша алышат.
“Алымбек датка” эс алуу багындагы үч кабат боз үйдүн биринчи кабатында музей казынасынан алынган этнографиялык баалуулуктар коюлган. Анда XIX-ХХ кк. таандык ата бабаларыбыздын колдонгон буюмдары орун алган. Боз үйдүн экинчи кабатында туристтик маалымат борбору уюштурулган. Мында негизинен Ош облусундагы туристтик жайлар боюнча маалыматтар берилет. Ал эми үчүнчү кабатта музей сувенир дүкөнү жайгашкан.