КЫТЫЙДА ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИНИН 22-ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Июль 7, 2025 - 15:32
Июль 7, 2025 - 15:53
 16
КЫТЫЙДА ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИНИН 22-ЖЫЙЫНЫ  ӨТТҮ
КЫТЫЙДА ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИНИН 22-ЖЫЙЫНЫ  ӨТТҮ
КЫТЫЙДА ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИНИН 22-ЖЫЙЫНЫ  ӨТТҮ
КЫТЫЙДА ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИНИН 22-ЖЫЙЫНЫ  ӨТТҮ
КЫТЫЙДА ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИНИН 22-ЖЫЙЫНЫ  ӨТТҮ

Маданият тармагындагы кызматташууну мындан ары чыңдоо максатында, 2025-жылдын 7-июлунда Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясындагы Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйыны болуп өттү.

Бул жыйынга КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты. Жыйындын жүрүшүндө тараптар ШКУнун алкагында маданият жана искусство жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин карап, 2007-жылдын 16-августунда (Бишкек ш.) кабыл алынган ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда маданият жаатындагы кызматташтык боюнча макулдашуунун аткарылышы тууралуу пикир алмашты.

Ошондой эле тараптар маданият жаатындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты улантууга, маданий ар түрдүүлүктү урматтоого, ШКУга мүчө бардык элдердин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана достукту чыңдоого даяр экенин билдирди. Бул жыйын ШКУ мейкиндигиндеги маданий-гуманитардык кызматташтыкка жаңы дем берет.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынынын Протоколуна кол коюлуп, Чолпон-Ата шаарына «ШКУнун туристтик жана маданий борбору – 2025–2026» макамын ыйгаруу чечимин кабыл алуу макулдашылды.