ЖМК өкүлдөрүнө кайрылуу

Май 18, 2024 - 22:30
Май 19, 2024 - 01:31
 13
ЖМК өкүлдөрүнө кайрылуу
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү,
Министрлик маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары сиздердин көнүлүнүздөрдү жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактоо зарылдыгына бурат.
Атап айтканда, "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренеси зомбулукту, ырайымсыздыкты, улуттук жана диний сабырсыздыкты пропагандалоого тыюу салат.
Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын 17-18-майындагы Бишкектеги кыргызстандык жана чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы массалык баш аламандыкка байланыштуу айрым басылмаларда жана видеоматериалдарда такталбаган маалыматтардын таралышы байкалууда. Буга жол берилбеш керек, бул ЖМК жетекчиликке алууга тийиш болгон объективдүүлүк жана аныктык принциптерине каршы келет.
Министрлик сизди мыйзамдык талаптарды так аткарууга чакырат. Эгерде аткарылбаса, тиешелүү жоопкерчилик чаралары көрүлөт.
Бул жагдайды чагылдырууда туура түшүнүүнү жана жоопкерчиликтүү мамиле жасооңуздардан үмүттөнөбүз.
Биргелешкен аракеттер менен гана биз коомчулукка объективдүү жана салмактуу маалымат бере алабыз.