ЖАЛАЛ-АБАДДА 52 МАДАНИЯТ МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛДИ

Август 14, 2025 - 15:28
Август 14, 2025 - 15:33
 7
ЖАЛАЛ-АБАДДА 52 МАДАНИЯТ МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛДИ
ЖАЛАЛ-АБАДДА 52 МАДАНИЯТ МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛДИ
ЖАЛАЛ-АБАДДА 52 МАДАНИЯТ МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛДИ
ЖАЛАЛ-АБАДДА 52 МАДАНИЯТ МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛДИ
ЖАЛАЛ-АБАДДА 52 МАДАНИЯТ МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛДИ
ЖАЛАЛ-АБАДДА 52 МАДАНИЯТ МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛДИ
Республика боюнча ар бир район жана шаарлардагы маданият мекемелери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин тапшырмасына ылайык текшерилип жатат. Мындан улам, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Жалал-Абад жергесин кыдырып чыкты. Анда жалпы 52 мекеменин абалы менен таанышуу жүрдү.
Текшерүү учурунда материалдык-техникалык абал, кызматкерлердин иш шарттары жана маданий иш-чаралардын уюштурулушу боюнча маселелер көтөрүлдү. Министрдин биринчи орун басары мекемелердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берип, маданият мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды айтты.
Иш-сапар Токтогул районунан башталып, Кара-Көл,Таш-Көмүр, Аксы, Кербен, Ала-Бука, Чаткал, Кочкор-Ата, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо (Казарман) районуна чейин уланды.
Ал эми кийинки жеринен таанышуу Ош жана Баткен облусунда уланат.