Чыңгыз Эсенгул уулу Тажикстандын Маданият министри Матлубахон Сатториен менен жолугушту

Май 20, 2024 - 13:53
 0  14
Чыңгыз Эсенгул уулу Тажикстандын Маданият министри  Матлубахон Сатториен менен жолугушту
Бүгүн, 20- майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Ашхабат шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Маданият министри Матлубахон Сатториен менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстанды жагымдуу шарттарды түзгөн салттуу достук байланыштырып тургандыгын баса белгилешти.
Мындан тышкары, эки министрликтин жетекчилеринин жолугушууларын өткөрүү, концерттерди уюштуруу, алдыңкы маданий мекемелердин артисттеринин гастролдорун, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү уюштуруу, жаш делегациялардын иш сапарлары менен алмашуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнү активдештирүү келечегин кароо керектиги айтылып, мындай кадамдар эки өлкөнүн өз ара мамилелерине оң таасирин тийгизери айтылып, бул элдердин жакындашуусуна жана маданий байланыштардын чыңдалышына өбөлгө түзөрү белгиленди
Тараптар эки өлкөнүн элдеринин достугунун тарыхый байланыштарына негизделген маданий-гуманитардык байланыштар мурдагы нугуна түшүп, кеңейе берет деген ишенимин билдиришти.