Бишкекте “Тандем” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Май 13, 2025 - 18:12
 6

Бүгүн, 13-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде заманбап искусствонун көрүнүктүү эки өкүлү – Умар Раджабов менен Алмазбек Шаршекеевдин биргелешкен “Тандем” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, сүрөтчүлөр жана маданият кызматкерлери катышты.

Министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө, Кыргызстандын сүрөтчүсү Алмазбек Шаршекеев жана Өзбекстандын сүрөтчүсү Умар Раджабовдун биргелешкен эмгеги достукту, руханий биримдикти, искусствонун чек ара билбеген кубатын даңазаларын, “Тандем” көргөзмөсү- маданият аркылуу диалог түзүүнүн жана улуттук көркөм өнөрдү эл аралык деңгээлге чыгаруунун мыкты үлгүсү экенин билдирди.

Көргөзмө эки автордун баарлашуусун чагылдырат, алардын ар бири өзүнүн көркөм тилине ээ, бирок алар биргелешип бирдиктүү жана көп кырдуу экспозицияны жаратышкан.

Меймандар сүрөтчүлөрдүн жеке дүйнө таануусун жана алардын азыркы доор тууралуу ой толгоолорун чагылдырган живопись жана графикалык иштерге күбө болушту.

Умар Раджабов – чыгармачылыгында живопись салттары менен көркөм изденүүлөрдү айкалыштырган сүрөтчү. Анын чыгармалары ачык колористика, композициялык курамдуулуктун тереңдиги жана философиялык мазмуну менен айырмаланат. Ал жаратылыш, маданият жана адам баласынын ички дүйнөсү темалары менен жигердүү иш алып барып, аларды түстөрдүн ширелүү гаммасы аркылуу чагылдырат.

Алмазбек Шаршекеев – сүрөтчү-экспериментатор, анын чыгармалары формалардын тайманбастыгы жана кайталангыс визуалдуулугу менен айырмаланат. Ал мифологияга, символизмге жана жеке тажрыйбага таянуу менен көркөмдүктүн чектерин изилдеп келет. Анын чыгармаларында образдар менен терең маанилүү абстракция жана фигуративдүүлүк айкалышат.