Бүгүн, 13-майда, “Дубовый парк” сүрөтчүлөр Союзунун көргөзмө залында “Манас Ааламы 2025” аттуу көргөзмө-сынагы өттү. Ага өлкөнүн сүрөт өнөрүнүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана кыргыз искусствосунун күйөрмандары катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышып, өз сөзүндө “Манас” эпосту сүрөт аркылуу даңазалоо жана жайылтуу өтө маанилүү экенин белгиледи.
“Сынактын максаты — улуттук өзгөчөлүгүбүздүн негизи болгон “Манас” эпосун жайылтуу жана даңазалоо. Мындай иш-чаралар аркылуу биз сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын колдоп, кыргыз мурасына сугарылган жаңы муундагы чыгармачыл инсандардын жаралышына өбөлгө түзөбүз”, - деди.
Аталган сынак жыл сайын өткөрүлүп, кыргыз сүрөт өнөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Сынакка төрт жанр боюнча эмгектер кабыл алынды, алар: живопись (сүрөт), графика, скульптура жана жазалга-колдонмо искусствосу (ЖКИ).
Калыстар тобу Сүрөтчүлөр союзу жана Улуттук “Манас” академиясы тарабынан биргеликте түзүлгөн. Калыстар ар бир чыгарма менен кылдат таанышып, аларды төмөнкү критерийлер боюнча баалашты: көркөм чеберчилик, “Манас ааламы” темасына шайкештик, оригиналдуулук, техникалык аткаруу жана маданий маани.
Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
1-орун:
• Живопись: Хамиджанов Азамат “Тиреш”
• Скульптура: Чынтемир уулу Жыргал “Кошой менен Жолой”
• Графика: Биймырзаев Алыкул “Теңирдин берген батасы”
• ЖКИ: Жолбунов Нурбек “Теңир-Уул”
2-орун:
• Живопись: Сейдеакматов Таалайбек «Сейтек»
• Скульптура: Усенов Алтай «Портал»
• Графика: Илипов Замир «Баатырлар»
• ДПИ: Мурзапаров Пиримбек «Эпос»
3-орун:
• Живопись: Итикеев Рахат «Чоң казат жана Саякбай»
• Скульптура: Абдалиев Искен «Саякбай»
• Графика: Турганбаев Аким «Жакып, Чыйырды, Бакдоолот үчөөнүн түш көрүшү»
• ДПИ: Исаев Жусуп «Ордо»
Кызыктыруучу сыйлыктары төмөнкү авторлорго ыйгарылды:
Калыбеков Асхат “Саякбай” (живопись)
Джумабеков Асейин “Манас ааламы” (живопись)
Ибраимов Руслан “Эл үчүн, жер үчүн” (живопись)
Насирдин уулу Абай “Эпостун жаралышы” (живопись)
Токтобаева Рахат “Айчүрөк” (скульптура)
Иманбаев Бакыт “Чыйырды. Манастын төрөлүшү” (скульптура)
Ибрагимов Кубанычбек “Манасчы Саякбай” (графика)
Кунакунов Марис “Манасчы” (графика)
Молдогазиев Конушбек “Эр Сыргак” (графика)
Чаланов Ишен “Хан Манас” (ДПИ)
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөрдүн эмгектери Улуттук “Манас” академиясынын фондусуна өткөрүлөт. Ал эми көргөзмөдө коюлган бардык эмгектердин электрондук нускалары “Манастын” эпосунун жаңы басылмалары даярдалган учурда колдонулат.