2025-жылдын 11–13-августунда Бишкек шаары дүйнөлүк курак өнөрүнүн борборуна айланат. Бул күндөрү экинчи эл аралык «Курак» фестивалын «СКерамос» ЖЧКсы жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Курак — бул жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, Борбор Азиянын маданий коду. Түркүн түстөгү жана ар түрдүү фактурадагы кездемелерден куралган жаркын полотнолор муундардын тарыхын баяндайт. Фестивалда 10 өлкөнүн усталары өз эмгектерин көрсөтүп, мастер-класстар өткөрүшүп, текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашышат.
Фестивалдын негизги максаты:
Билим берүү жана инклюзия — жаштарды, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана “Одинокая старость” долбоорунун катышуучуларын чыгармачылыкка тартуу;
Эко — калдыктарды кайра иштетүү маданиятын жайылтуу;
Этно — курактын уникалдуу маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү.
Бүгүн, 11-августта экинчи эл аралык «Курак» фестивалдын ачылышы болуп анын алкагында, катышуучу өлкөлөрдүн желектер парады, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Тажикстандын кол өнөрчү жана усталардын долбоорлорун тааныштыруу, Курактан шыктанган автордук коллекциялардын мода көрсөтүүсү, «Салттарды өрүп, туруктуу келечекти жаратуу!» аттуу маданият аралык долбоор жана эл аралык курак полотносун жаратуу эмгеги өтуп, «ЭкоЭтноКурак 2022» тасмасы көрсөтүлдү.
Фестиваль 12-13-август күндөру уланат.