Кыргызстандын маданият күндөрү Өзбекстандын шаарларында жана аймактарында өтөт

Июнь 7, 2024 - 15:07
 15
Кыргызстандын маданият күндөрү Өзбекстандын шаарларында жана аймактарында өтөт
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиханов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана искусство жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүүсү, өз ара активдүү маданий алмашуулар жана мындан аркы келечектеги эки элдин өз ара достугун бекемдөөдөгү маданияттын орду тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында алдыда өтө турган Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн долбоору сунушталып, кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрү менен өзбек элине кенен тааныштыруу үчүн мерчемделип жаткан программалар талкууланды.
Өз кезегинде Тимурлан Ажымалиев ар кандай кырдаалдарга карабастан, маданият чөйрөсү ар дайым өз алдынча жана үзгүлтүксүз болушу керектигин айтып, маданий байланыштар эки өлкөнүн ортосундагы негизги көпүрө жана ар дайым өнүгүп, өсүп турушу керектигин белгилеп, алдыда өтө турган Кыргызстандын Маданият күндөрүнө кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүүгө даярдыктар жүрүп жатканын маалымдады.
Өзбекстан Республикасыныны маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиханов Өзбекстан Республикасында өтө турган Маданият күндөрүнүн иш- чараларына ар тараптуу көмөк көрсөтүлөөрүн белгиледи