Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү

Апрель 9, 2025 - 15:19
Апрель 9, 2025 - 22:13
 26

Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын чоң залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын 2-отуруму өттү.

Алгач Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баяндама жасап, министрликке тапшырылган иштердин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Жободогу талаптар менен кыскача тааныштырды.

Андан соң сынакка келип түшкөн долбоорлор комиссиянын кароосуна коюлду.

Министр комиссиясынын мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилген долбоорлорго объективдүү, эркин баа берүүгө шарт түзүү, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу максатында бардык долбоорлорго шифр берилгенин белгилеп, тандоодо калыстыкты сактоо жана бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берүү боюнча көрүлгөн чараларга токтолду. Ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгү жана тандалган долбоорлорду ар тараптуу талдоо мүмкүнчүлүгү бул сынактын сапаттуу өтүшүнө өбөлгө болорун белгиледи.

Комиссия мүчөлөрү келген долбоорлорду угуп, мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактан эң татыктууларын иргеп алуу боюнча сунуштарын беришип, отурум суроо-жооп жана талкуу менен уланды.

Долбоорлорду кароо эртең, 10-апрелде да уланат.

Маалымат катары: Маданият министрлигиндеги түзүлгөн техникалык топ тарабынан комиссия мүчөлөрүнө, 90 толук долбоор (тексти, музыкасынын партитурасы, коштоосу менен), 3 ырдын тексти, музыкалык коштоо менен, 3 ырдын тексти, музыкасынын партитурасы менен, 2 музыкасы гана (нота) (1 партитура, 1 партитура үн коштоо), 10 ырдын тексти, музыкалык аспапсыз үн коштоосу менен, 177 ырдын тексти гана өткөрүлүп берилди.