Эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесине катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо жарыяланат

Июнь 14, 2025 - 12:41
Июнь 17, 2025 - 09:42
 11
Эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесине катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо жарыяланат
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2025-жылдын 4-сентябрынан 4-ноябрына чейин Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында өтө турган Cheongju Craft Biennale көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн арасында чыгармачылык иштерди тандоо жараянын баштайт.

Тандоо критерийлери жана талаптар:

- Концептуалдуу чыгармачылык иш (ала кийиз, шырдак, панно, кийим, интерьер буюмдары ж.б.);
- Кийиз же жүн материалдарын колдонуу;
- Табигый түстөр же боёктор колдонулган болуусу;
- Чыгарманын сапаттуу сүрөтү;
- Атайын түшүндүрмө (аннотация);
- Өлчөмү жана салмагы көрсөтүлүшү шарт.

Тапшыруу мөөнөтү: 14-июндан 25-июнга чейин, 2025-жыл.

Өтүнмөлөр жана материалдар үчүн почта: crafts.council.kg@gmail.com
Байланыш үчүн телефон:
Миррахим Опош +996771458549 (WhatsApp, Telegram)
Нурзат Жээнбек +996555542525 (Telegram)