"Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына "Номад" триосу катышат

Апрель 23, 2025 - 23:06
Апрель 24, 2025 - 09:24
 16

Бүгүн, 23-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагына улуттук тандоо туру болуп өттү. Сынактын жыйынтыгында “Номад” триосу жеңүүчү деп табылды. Трионун курамында Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиев бар.

Улуттук тандоо туру концерттик шоу форматында өтүп, ага 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөттү.

Жеңүүчүлөрдү Кыргызстандын белгилүү артисттеринен жана музыка чөйрөсүндөгү кесипкөйлөрдөн турган калыстар тобу аныктады. Калыстар тобунун төрагасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков болду.

Мындан тышкары, түз эфир учурунда көрүүчүлөргө “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон аткаруучу” аттуу атайын номинация боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Элдин колдоосу менен Урмат Токомбаев аталган номинациянын жеңүүчүсү болуп, 150 000 сомдук акчалай сыйлык менен сыйланды.

Улуттук тандоо турунун жеңүүчүлөрү - “Номад” триосу — Кыргыз Республикасынын атынан Россия Федерациясында өтө турган “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагында өлкө намысын коргойт.

Маалымат үчүн: “Интервидение – Золотой ключ” эл аралык музыкалык сынагы алгачкы жолу 1965-жылы Чехословакияда өткөрүлгөн. Ал эми 1977-жылдан тартып, “Интервидение” деген аталыш менен Польшадагы Сопот шаарында жыл сайын өткөрүлүп келген. 2008-жылы Сочи шаарында “Беш жылдыз. Интервидение” деген аталыш менен өткөн. 2025-жылы бул фестивалдын жаңы баскычы башталып, эл аралык аренада Кыргызстандын үнү жаңырат.