ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЭН МЫКТЫ КЫРГЫЗ БОЗ ҮЙ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сентябрь 2, 2025 - 12:36
 21
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЭН МЫКТЫ КЫРГЫЗ БОЗ ҮЙ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЭН МЫКТЫ КЫРГЫЗ БОЗ ҮЙ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЭН МЫКТЫ КЫРГЫЗ БОЗ ҮЙ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЭН МЫКТЫ КЫРГЫЗ БОЗ ҮЙ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
Быйыл, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленүүдө.
Анын алкагында, бир катар кароо сынактар, азык-түлүк, кол-өнөрчүлүк жарманкелери, сүрөт көргөзмөлөрү өтүүдө.
"Эн мыкты кыргыз боз үй" кароо сынагына 6 облустан жана 2 шаардан катышуучулар келген.
Ар бир тигилген боз үй калыстар тобунун сынына коюлду. Алар боз үйдүн ички жана сырткы жасалгаланышына, нукуралуулугуна, салттуу элементтердин сакталышына басым жасап, баалоо жүргүзүшөт.
Сынактын калыстыгын камсыздоо үчүн тарыхчылар, этнографтар жана ар тармактагы адис тандалып алынган. Калыстар тобунун төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Октябрь Капалбаев.