XIII РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

Сентябрь 9, 2025 - 11:24
 8
XIII РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ ӨТКӨРҮЛӨТ
2025-жылдын 16-20-сентябрь күндөрү Ош шаарында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрынын базаларында Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Cейитказы Андабековдун 100-жылдыгынын урматына арналган мааракелерди белгилөө, эскерүү, терең жайылтуу, элесин түбөлүккө калтыруу максатында XIII республикалык театр фестивалы өткөрүлөт.
Аталган фестивалга министрликке караштуу Театр оюн-зоок мекелеринин драмалык жана музыкалык драмалык театрлары бирден спектаклдери менен катышуусу күтүлүүдө.
Фестиваль Кыргызстандын театр көркөм өнөр чөйрөсүндөгү мекемелерде коюлган спектаклдер аркылуу эриш-аркак байланышта чыгармачылык иш-чараларды жүргүзүү, тажрыйба алмашуу, келечек муундун искусство жаатына болгон кызыгуусун калыптандыруу жана алардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, элге жайылтуу максатын көздөйт. Көрсөтүлгөн спектаклдер кыргыз театр өнөрүнүн келечегине, эл аралык мааниге ээ болуучу уңгу жол катарындагы окуялардын бири болуп саналат.