UNITED DANCE WEEKEND Бишкекте

Сентябрь 24, 2025 - 10:33
 4
UNITED DANCE WEEKEND Бишкекте
UNITED DANCE WEEKEND Бишкекте
UNITED DANCE WEEKEND Бишкекте
2025-жылдын 4–5-октябрында Бишкекте күздүн эң ири эл аралык бий фестивалы — United Dance Weekend өтөт. Иш-чаранын өткөрүлүүчү жайы — ТЕХНОПАРК (Горький көч., 1/2).
Фестиваль эл аралык Groove Republic уюму жана We8 Studio студиясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.
United Dance Weekend Казакстан, Россия, Өзбекстан, Түркия, Франция, Нидерланд жана башка өлкөлөрдөн келген 10дон ашуун бийчи жана хореографты чогултат. Программада — мастер-класстар, чоң баттлдар жана легендарлуу DJ TellaX (Франция) катышкан финалдык шоу.
Жеңүүчүлөргө фестивалдын өнөктөштөрү жана демөөрчүлөрү тарабынан белектер жана Европанын алдыңкы бий лагерлерине гранттар тапшырылат.
United Dance Weekend — бул жаштарды шыктандырып, эл аралык байланыштарды чыңдаган жана Кыргызстанды заманбап бий маданиятынын борбору катары тааныткан уникалдуу платформа.