IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды

Сентябрь 30, 2023 - 22:55
 0  61
IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды
IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды
IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды
IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды
IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды
IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды
Бүгүн, 29-яентябрда СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды.
Жабылыш салтанатта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев сөз сүйлөп, эл аралык фестивалга катышып жаткан театр ишмермелерине чыгармачылык ийгилик каалап тогузунчу ирет өтүп жаткан эл аралык театр фестивалы даңазалуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналып өтүп жатышынын маанисине токтолуп, Кыргызстандын гана чегинде эмес жалпы түрк дүйнөсүндө Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган иш- чаралар байма- бай өтө турганынын белгиледи.
Ошондой эле ал, беш күн бою тынымсыз өткөн театр фестивалы нечендеген мыкты таланттарды алып чыгып жатканын, аны менен катар спектакль өтүп жаткан аянтчаларга эл агылып келгенин белгилеп, театр дүйнөсүнө аралашкан жаштардын мууну өсүп жатканын айтып, иш- чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.
Андан соң, Бакен Кыдыкееванын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган пролог, Бакен Кыдыкеева катышкан спектакль жана кинолордүн үзүндүлөрү көрсөтүлүп, сыйлоо салтанаты жана концерттик программа менен коштолду.
Тогузунчу ирет өтүп жаткан фестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусия жана Каракалпакстандан 17 театр акыркы эки жылда саханга ийгиликтүү коюлган спектаклдерди калыстар тобуна жана коомчулукка сунуштады.
Фестивалда “Мыкты спектакль”, 1,2,3 – орундар, “Мыкты режиссура”, “Мыкты сценография”, “Мыкты музыкалык коштоо”, “Эркектин мыкты ролу”, “Аялдын мыкты ролу”, “Экинчи пландагы мыкты актер”, “Экинчи пландагы мыкты актриса”, “Мыкты актёрдук ансамбль”, “Мыкты эпизоддук роль”, “Мыкты дебют”, “Көрүүчүлөрдүн арзуусу” жана “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы” номинациялары мыктыларга тапшырылды.
Эл аралык калыстар тобуна Казакстан Республикасынын эл артисти, Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Астана жаштар театрынын көркөм жетекчиси, профессор Нурканат Жакыпбай (Казакстан) төрагалык кылып, курамына Өзбекстан Республикасынын эл артисти, Өзбекстан Республикасынын Улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Гаухар Закирова (Өзбекстан), Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актрисасы Гүлсара Ажыбекова (Кыргызстан), Азербайжан Республикасынын эл артисти, Азербайжан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театр жана кино актеру, режиссер, профессор Новрузов Джахангир Муталлиб оглы (Азербайжан), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти, искусство таануу илимдеринин кандидаты Жаныш Кулмамбетов (Кыргызстан), Театр сынчысы, искусство таануу илимдеринин кандидаты, доцент Айсылу Сагитова (Башкортстан, Россия), Түркия Республикасынын Адана шаарынын Чукурова университетинин театр факультетинин деканы, театр сынчысы жана режиссеру Исмаил Дикилиташ (Түркия), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актеру, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси Болот Тентимышов (Кыргызстан), театр сынчысы, Кыргыз мамлекеттик А.С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын директору Болотбек Жунушовдор кирди.
Фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлери союзу тарабынан уюштурулуп, Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ тарабынан колдоого алынган.