Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди

Сентябрь 30, 2023 - 22:50
Октябрь 1, 2023 - 01:07
 0  44
Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди
Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди
Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди
Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди
Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди
Бүгүн, 29-сентябрь күнү Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеровду салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.
Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да мекенге кайтты.
Чемпионду аэропорттон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Эдил Байсалов , Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында өзүнүн салмак ченинде алтын медаль утуп алган. Спортчу 90 кг чейинки салмак ченинде беттеш өткөрүп, алгач Кытайлык спортчуну 1:0, чейрек финалда Ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип финалга жолдомо алган.
Чечүүчү финалдык беттеште өзбекстандык Давлет Бобонов менен күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчү болуп Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпиону аталды.