2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Эки элдин улуу уулу – бириктирген тарых» аттуу көргөзмөнүн презентациясы өттү. Көргөзмө Кыргыз Республикасы менен Саха (Якутия) Республикасы менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлеринин Төрага орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин орун басары Союзбек Надырбеков, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Якутиянын мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлер жана уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Көргөзмөнүн борбордук бөлүгүн М.К. Аммосовдун өмүрү жана ишмердүүлүгүн көрсөтүүчү фотодокументалдык материалдар менен сенсордук интерактивдүү панель түздү. Кыргызстанда кыска убакыт гана иштегени менен, ал мамлекеттик структураларды түзүүгө, экономикага жана улуттук маданиятты сактоого чоң салым кошкон.
Көргөзмөнүн контентин түзүүдө Якутия жана Кыргызстандын музейлери жана архивдеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи жана Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин материалдары колдонулду.