К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Түрк тилдүү элдердин адабият борборунун ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мекем Мустафа Кемаль Окем жана илимий , маданий чөйрөдөн өкүлдөр катышты.
Түрк тилдүү элдердин адабият борбору 2024-жылы Анкара шаарында өткөн кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында кабыл алынган протоколдун, ошондой эле 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкекте өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 11-Саммитинин негизинде түзүлгөн иш- чаралар планынын алкагында түзүлдү.
Бул күн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө туш келип, кош майрам катары белгиленди. Адабият борбору түрк элдеринин тарыхын, маданиятын, адабиятын жана руханий мурастарын сактап, жайылтууга арналган. Ал студенттер, изилдөөчүлөр жана жалпы окурмандар үчүн ачык маалымат булагы болот.