Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама

Сентябрь 30, 2023 - 22:41
 0  100
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө билдирет.

  1. Көйгөйлөрдү баяндоо, алардын чечими сунушталган жөнгө салууга багытталган (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын жаңы долбоору демилгеленген. Демилгечи 1992-жылдын 2-июлунда кабыл алынган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары-ММК жөнүндө мыйзам) бүгүнкү күнү эскиргенин белгилейт, азыркы замандын чакырыктарына ылайык келбейт жана жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелердин азыркы талаптарын толук өлчөмдө канааттандырбайт. ММК жөнүндө колдонуудагы мыйзамдын укуктук ресурсу түгөнүп, азыркы коомдун реалдуу турмушуна ылайык келбейт, ошондуктан, төмөндө көрсөтүлгөн максаттарды эске алганда жаңы мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы ачык көрүнүп турат.

Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам интернет мүмкүнчүлүктөрүн жашоого массалык түрдө киргизүү менен келген жаңы реалдуулукту эске албайт. Интернет көптөн бери маалыматтык коомду өнүктүрүүнүн негизги пайдубалы катары таанылган. Азыркы учурда массалык коммуникациялар ишмердүүлүктүн бардык тармактарына кирип, ошону менен укуктук талаадан сырткары турган массалык коммуникациянын жаңы түрлөрүн жаратууда. Интернет, интернет булактары, социалдык тармактар коомдук мамилелердин бир бөлүгү болуп калды.

  1. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты (мүмкүн болсо, тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон укугун ишке ашыруу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, маалыматты алуу жана жайылтуу; көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат. Маселени чечүүнүн негизги ыкмалары катары веб-сайттарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ММК катары милдеттүү түрдө каттоону жана кайра каттоону киргизүү сунушталууда. ММКны каттоо, андан баш тартуу, ишин токтото туруу жана токтотуу боюнча мамлекеттик органдарга ыйгарым укуктарды берүү. Сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланган иш-аракеттерди аныктоо. Журналисттер үчүн аккредитацияны киргизүү, ММКнын ишине чет өлкөлүк катышууну жөнгө салуу, ММКны төгүндөөнү жөнгө салуу.

3 Сунушталып жаткан жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Ишкердик ишмердикти жүргүзүү үчүн сапаттуу жана текшерилген маалыматтарды алуу, текшерилбеген (фейк) маалыматтарды четтетүү. ММКны жоопкерчиликтүү жана объективдүү башкаруу экономикалык системалардын жакшы иштешин камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

  1. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Күтүлбөйт.

  1. Ишкердиктин субъекттеринин – сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын мүнөздөмөсү жана санына баа берүү:

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун маалыматтары боюнча 2022-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миңден ашык чарбакер субъекттер болгон. 177 көз карандысыз телерадиокомпания ишмердигин жүргүзгөн. Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча 2021-жылы 2057 менчик WEB-сайттар болгон, алардын ичинен 1604 шаарларда, анын 1218 Бишкекте, калганы 453 айыл жергесинде.

  1. Сунушталган жөнгө салуунун потенциалдуу адресаттарынын аны киргизүү менен байланышкан кошумча чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

Ишкерлердин чыгымдары веб-сайтты каттоого байланыштуу болот.

Ишкерлердин пайдасы ММКларды каттоого болгон убакытты үнөмдөөдөн, кыскартуудан улам болот.

  1. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

Эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.

Кабарламага төмөнкүлөр тиркелет:

  1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:

– көрсөтүлгөн көйгөйлөр туура, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылуучу болуп эсептелеби;

– көрсөтүлгөн максат негиздүү, жетүү үчүн маанилүү болуп эсептелеби;

– көйгөйлөрдү чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуу болуп эсептелеби;

– сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайдалар жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;

– сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;

– көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу альтернативдүү жолдору барбы;

– сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.

  1. Кабарламанын маалыматтарын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөр:
1. Сунуштар кабыл алынат:  
– электрондук почта аркылуу kalmuratova_zarina@minculture.gov.kg

a.akbaeva@minculture.gov.kg

– почта дарегине Бишкек ш.Пушкин көч., 78
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 2023-ж. 11-октябрь
3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү 2023-ж. 16-окт