Тимурлан Ажымалиев Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Андрей Малышев менен жолукту

Февраль 16, 2024 - 18:11
 0  52

2024- жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Москва шаарына болгон иш сапарында Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Андрей Малышев менен жолукту.
Тараптар эки өлкөнүн маданият мекемелеринин ортосунда түз байланыш түзүү жана кызматташуу, чыгармачыл жамааттарды өз ара гастролдук алмашууга жана маданият күндөрү жөнүндө келишимдерге кол коюуга көмөктөшүү макулдашты.
Ошондой эле, тараптар маданият мекемелерин билеттештирүүнүн бирдиктүү системасын киргизүү, театр тармагын өнүктүрүү, тактап айтканда театр менеджменти үчүн мастер класстарды, квалификацияны жогорулатуучу курстарын уюштуруу темасын талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы маданий өз ара аракеттешүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, маданий кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө умтулууларын билдиришти.