КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН КИНЕМАТОГРАФИЯ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШАТ

Октябрь 6, 2025 - 10:25
 10
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН КИНЕМАТОГРАФИЯ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШАТ
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН КИНЕМАТОГРАФИЯ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШАТ
2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасы ортосунда кинематография жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев жана Лахор шаарындагы «Кыргызстан Соода Үйүнүн» президенти мырза Шахид Хасан кол коюшту. Кол коюу аземи Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси мырза Марван Алекс Айяштын катышуусунда өттү.
Бул келишим маданий алмашууну өнүктүрүүгө, достукту бекемдөөгө жана эки өлкөнүн чыгармачыл байланышын кеңейтүүгө багытталган. Меморандумдун алкагында биргелешкен кинофестивалдарды жана кинорынктарды өткөрүү, копродукцияларды ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз тасмаларын Пакистандын аймагында көрсөтүү каралган.
Тараптар меморандумдун жоболорун иш жүзүндө ишке ашырууга, анын ичинде кинематография өкүлдөрүнүн өз ара визиттерин уюштурууга кызыкдар экендигин билдиришти. Эки тарап тең бул меморандумдун кол коюлушу улуттук кинематографияны эл аралык аренада жайылтууда жана жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн ачууда маанилүү кадам болот деп ишенишет.