Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 12
“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы
2 / 15

2. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматында баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн граждандарга ыйгарылат. Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын көзү өткөндөн кийин да ыйгаруу жүргүзүлөт. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир гана жолу “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен ыйгарылат. “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

“Ак Шумкар” өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 миллиметр болгон айлананы түзгөн жогорку деңгээлде сегиз нурлуу жана диаметри 30 миллиметр болгон айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлде он алты нурлуу симметриялык жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын нурларынын, кырларынын көрүнүшү жана формасы тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат. Жылдыздын ортоңку бөлүгүндө лавр веногу менен курчалган күмүштөн жасалган каптама жайгашкан. Каптаманын борборунда алтын жалатылган фондо ыйык “Ак Шумкардын” рельефтик сүрөтү жайгашкан. Белгинин калыбы (кыргыздардын байыркы үч бурчтук ыйык белгиси) тумар түрүндө, андагы кызыл эмаль тилкеде түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган. Калып жана жылдыз өз ара чынжырлар системасы менен бириктирилген. Жылдыздын арткы бетинде белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч түрүндөгү илгич бар.