Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 13
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
3 / 15

3. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

 

Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга эмгек сиңирген, мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу ийгиликтерге жетишкен граждандар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына «Ардак белгиси» төш белгиси кошо берилет, анын катар номери болот.

«Ардак белгиси» төш белгиси көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйлангандын ардак наамы бар болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин жайгашат. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын төш белгиси тик бурчтук формасында, алтын түстүү, чет жактарында кыргыз улуттук оюму чегерилген, 20 мм х 28 мм өлчөмүндө, алтын жалатылган күмүштөн жасалат. Үстүнкү бөлүгүндө кызыл түстөгү эмаль менен капталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун символу болгон тик бурчтуктун фонунун оң тарабында “Ардак белги” жазуусу жайгашкан. Төмөнкү жагында ардактын жана даңктын символу болгон рельефтүү лавр бутагы жайгаштырылган. Төш белгинин арткы бетинде номери чегип жазылган, бекитмеси – цанга кыпчыткычы болот.