Маданият министри жаш муундун өкүлдөрү менен жолугушту

Июнь 2, 2025 - 19:03
 13

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан мектеп окуучулар жана жаш активисттер үчүн министрликтин имараты боюнча экскурсия өткөрдү.

Иш-чаранын демилгечиси — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова болду.

Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар министрликтин ишмердүүлүгү менен таанышып, коллегиялар залына жана расмий меймандарды кабыл алуучу бөлмөгө барышты. Жолугушууда министр имараттын тарыхы жөнүндө айтып, маданият улуттук өзгөчөлүктүн пайдубалы экенин белгилеп, жаштардын өлкө өнүгүшүндөгү маанилүү ролуна токтолду.

Ачык диалог учурунда катышуучулар маданий саясаттын артыкчылыктуу багыттары жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу суроолорду беришти. Иш-чаранын соңунда балдарга эстелик белектер тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Мындай демилгелер жаш муундун мамлекетке болгон кызыгуусун ойготуп, патриоттук сезимди жана жарандык активдүүлүктү калыптандырат.