Бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу эл аралык форумдун расмий делегациясы менен жолугушту.
Делегацияны Түркиядагы Чыңгыз Айтматов атындагы институттун директору, Самсун шаарынан шайланган парламент депутаты, профессор Ильяс Топсакал жетектеп келди. Ошондой эле делегациянын курамында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрага орун басары Акмал Саидов, Азербайжан Республикасынын эл сүрөтчүсү Сакит Маммадов болду. Жолугушууга ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жана руханий мурасы тууралуу пикир алышып, анын түрк дүйнөсү үчүн маанисин, чыгыш менен батыш маданиятын бириктирген универсалдуу гуманист катары ролун белгилешти. Ошондой эле Айтматовдун түрк тилдүү элдердин жалпы гуманисттик жана маданий баалуулуктарын калыптандыруудагы өзгөчө орду тууралуу да сөз болду.
Министр Мирбек Мамбеталиев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна түрк тилдүү элдердин маданий байланыштарын өнүктүрүүгө кошуп жаткан туруктуу колдоосу жана салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданият, билим берүү жана мамлекеттер аралык демилгелер жаатында мындан аркы кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.