Алгачкы жолу 3 кылдуу кыл кыяк жасалды

Март 26, 2024 - 18:07
 0  33
Алгачкы жолу 3 кылдуу кыл кыяк жасалды
Алгачкы жолу 3 кылдуу кыл кыяк жасалды
Бүгүн, 26 – мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов музыкалык аспаптарды оңдоо жана жөндөө боюнча адис Акунов Туратбек Жумабековичти кабыл алды.
Жолугушууда Туратбек Акунов министр Алтынбек Максутовго өзү жасаган үч кылдуу кыл кыякты бет ачаарын кылып, ал аспапта жаңы чыгарманы сунушташты.
Министр өзгөчө өнөрдүн ээси Туратбек Акуновго ишиндеги ийгиликтерди каалап, ишмердүүлүгүндө алдыда кандай пландары болсо аны колдой турганын айтып, жаңы аспаптын добушу уккулуктуу жана жасалы сапаттуу экенин кошумчалады.
Андан соң, министр Туратбек Акуновго “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырып, ишиндеги ийгиликтерди каалады.
Туратбек Акунов дээрлик 30 жылдан бери устачылык менен алектенгенин белгилейт. Алгач жыгачтан сувенир гана жасап жүрүп, кийин филармониянын эксперименталдык өнөрканасында музыкалык аспапты кызыгуу менен үйрөнүп, ошондон бери улантып жүрөт.
Жолугушууда К. Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Асылбек Насирдинтегин да катышып, мындай жаңы ачылыштар оркестрдин ишмердүүлүгүн жакшыртып, сапаттуу музыка жаңыруусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.