2025-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Боталиева Анара Зарлыковна 73 жашында дүйнөдөн кайтты.
Боталиева Анара Зарлыковна 1952-жылы 23-февралда Фрунзе шаарында туулган.
СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.
Эмгек жолун М. В. Фрунзенин мемориалдык үй -музейинде илимий кызматкери болуудан баштаган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин Маданият жана искусство департаментинин жетектөөчү адистигинен тартып, башкармалыктын жетекчиси кызматына чейин көтөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде аймактарда маданиятты өнүктүрүү башкармалыгында музей, китепкана ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана маданий мурастарды коргоо тармагында көптөгөн жылдар жетекчилик кызматында эмгектенген.
Ошондой эле, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында кызмат өтөгөн.
Анара Боталиеванын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2006-жылы маданият менен искусствону өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана мыкты кесипкөйлүгү үчүн ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы ыйгарылган.
Анара Боталиеванын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.