Профессионалдык искусствону өнүктүрүү

Сентябрь 3, 2023 - 21:19
Сентябрь 14, 2023 - 18:58
 0  76
Профессионалдык искусствону өнүктүрүү

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу 22 театр оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинен 8 музыкалык-драма театры, 7 драма театры, 2 курчак театры, 3 филармония 1 опера жана балет театры жана мамлекеттик цирк бар.

Театр оюн-зоок мекемелеринин негизги чыгармачылык ишмердүүлүгүндө жаңы спектаклдерди сахналаштыруу, гастролдорго чыгуу, республикалык жана эл аралык фестивалдарды уюштуруу, ар кандай багытта сынактарды жүргүзүү, чыгармачылык кечелерди өткөрүп, аныкталган иш-чарага карата кассалык билеттерди реализациялоо, көрүүчүлөрдүн көркөм-эстетикалык табитин арттыруу, руханий байлыгын азыктандыруу болуп саналат;

  • көрүүчүлөргө карата театрлардын өздүк сахналарында же ижарага алынган сахналарда физикалык жана юридикалык жарандар менен түзүлгөн келишимдин негизинде жаңы чыгармаларды, концерттик программаларды көрсөтүү, телеберүүлөрдө радио уктурууларда, кино тасмаларда,  видео тартуулар ж.б. материалдык каражаттар аркылуу таркатуу;
  • көркөм-чыгармачылык мүнөздө өз алдынча даярдалган коомдук мекемелердин жана чакырылган коллективдердин, аткаруучулардын ишмердүүлүгү менен биргеликте иш-чараларды уюштуруу;
  • спектаклдерди, концерттик программаларды көрсөтүү үчүн мекемелер менен түзүлгөн келишимдин негизинде керектелүүчү каражаттар менен  камсыздоо, тийиштүү шарттарды түзүү;
  • театралдык көрсөтүүлөрдү , концерттик программаларды коюуда -өз сахналарын, сахналык аянтчаларын башка театралдык оюн-коюучу мекемелердин гастролго келүүсүндөгү иш-чараларына биргелешкен долбоордун негизинде көркөм-жасалгалык каражаттарын даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • маалыматтык-жарнамалык материалдарды, видео материалдардын  жана фонограммалардын көчүрмөлөрүн тираждоо жана реализация кылууга даярдоо болуп саналат.

Театр оюн-зоок мекемелери чыгармачыл ишмердүүлүктөрүн  өз алдынча пландаштырат жана уставда көрсөтүлгөн жекече чыгармачылык, чарбачылык ресурстарды, кырдаалга жараша  чыгармачылык-өндүрүштүк жана социалдык өнүктүрүү максатында иш жүргүзүүнү бөлүштүрөт.